5- Март 2013 -жылы
Жалал-Абад шаарында кримавторитет Болот Маматовду белгисиз адамдар атып кетишкен
Жалал-Абад шаарында кримавторитет Болот Маматовду белгисиз адамдар атып кетишкен. Окуя саат 11:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Могол көчөсүндө болгон. 1975-жылы туулган кылмыш чөйрөсүндө Боке деген ат менен таанымал кримавторитетти кылмышкерлер өз үйүнүн жанынан атышкан. Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан атылган 2 октон жаракат алган Маматов ооруканада көз жумган.