12- Август 1983 -жылы
түрк актрисасы Мерьем Узерли төрөлгөн
Мерьем Узерли Германиянын Кассель шаарында төрөлгөн. Атасы Хусейн Узерли түрк улутунан болсо, энеси Урсула Узерли немис кызы болгон. Мерьем искусство адамы болууга эч качан умтулган эмес. Бирок ал орто мектепти аяктап, Гамбургдагы актёрлук окуу жайга тапшырууну чечет. Үч жыл билим алгандан кийин өз өнөрүн сынап көрмөккө театрга ишке орношкон. Ал жактагы иши өзү ойлогондой чыкпай, дайыма экинчи пландагы ролдорду гана аткарып, актрисанын бир нече убакыт депрессия абалында жүргөнү айтылат. "Даңазалуу кылым" сериалында Сулейман султандын сүйүктүү жары, кумарлуу Хүрремдин ролу Мерьем Узерлиге атактуулук алып келген.