13- Август 1958 -жылы “Dolce & Gabbana” брендинин ээлеринин бири Доменико Дольче туулган
“Dolce & Gabbana” брендинин ээлеринин бири Доменико Дольче Сицилияда туулган. Доменико Дольче Палермодо коллежди жана Миланда Марангони институтун бүтүргөн. 1980-жылдары Стефано Габбана ательесине жумушка кабыл алынып, мода индустриясынын негиздерин үйрөнгөн. 1982-жылы Габбана аскердик кызмат өтүп келген соң Доменико менен биргеликте Dolce&Gabbana маркасындагы кийимдерди тиге башташкан. 1985-жылы Милан мода жумалыгында өзүлөрүнүн алгачкы айымдар кийиминин топтомун алып чыгышкан, бирок ал күтүлгөндөй ийгиликти алып келген эмес. Кийинки жылы алардын кийимдери ийгиликтүү болуп, Миланда бутик ачууга жетишишкен. 1987-жылы алар өзүлөрүнүн трикотаждан тигилген кийимдерин, 1989-жылы ич кийим жана пляж үчүн кийимдерин чыгарышкан. 1990-жылы эркектер үчүн алгачкы кийимдерин тигишкен. Чыныгы ийгиликке Дольче менен Габбана 90-жылдарда жетишишти. Дүйнөлүк мода тарыхында болуп көрбөгөн жаңы моделдерди жаратышты. Алардын ичинен эң атактуулары: тыш кийимдин да ролун аткара алган кооз ич кийимдер, жылаңач денеге кийилчү костюмдар жана атайын жыртылып, баалуу таштар менен кооздолгон жынсы шымдар. Эки гений Сицилиянын салттарын бузушуп, жесир аялдардын кара кийимдерин укмуштуу кече көйнөктөргө айландырышкан. Кийимдерден тышкары көз айнек, сумка, бут кийим жана башка аксессуарлардын жаңы түр­лөрүн жаратышты. 2006-жылдан бери D & G италиялык футбол командасын кийинтишет. 
2013-жылы март айында "Форбс" журналынын рейтингинде Доминико Дольче эң бай 100 адамдын тизмесине кирген. Доменико Дольче  2 миллиард доллар менен 736-орунда турат. 
 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан