Орус эстрада ырчысы, атактуу ырчы Эдита Пьеханын небереси Стас Пьеха Санкт-Петербургда туулган. Чоң апасынын талабы менен Стас Пьеха жети жашында Глинки атындагы Ленинграддык Капелланын хор окуу жайында фортепиано жана хор бөлүмүндө окуган. 2004-жылы "Жылдыздар фабрикасы-4" телевизиондук проектисине тандоодон өткөн. Дал ушул "Фабрикадан" анын алгачкы хит болгон "Бир жылдыз" ("Одна звезда") аттуу ыры жазылган.