14- Август 1983 -жылы Америкалык актриса Мила Кунис туулган
Америкалык актриса Мила Кунис Украинанын Черновцы шаарында туулган. 
1991-жылы үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кеткен. 1993-жылы жарнамаларга тартыла баштаган. 1998-жылга чейин тасмаларда эпизоддук ролдорду жараткан, андан соң "70-лер шоусу" сериалында башкы ролдордун бирин алган. 2001-жылы "Сүйүү вирусу" тасмасына тартылган. 2002-жылы "Америкалык психопат" тасмасына тартылган, бирок тасма ийгиликтүү болбой, Мила Кунис өзү да тасма тууралуу жакшы ойдо эмес экенин айткан. 
Актриса "Кара ак куу", "Достуктагы секс" тасмаларынан таанымал болгон.
2015-жылы "Юпитер. Чокуга чыгуу" тасмасында башкы ролду жараткан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан