15- Август 1990 -жылы Америкалык актриса Женнифер Лоуренс төрөлгөн
“Оскар” сыйлыгынын ээси актриса Женнифер Лоуренс АКШда, Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында төрөлгөн.
Лоуренс 2006-жылы  "Шаардык компания" аттуу теледолбооруна тартылып актердук карьерасын баштаган. Өзүнүн алгачкы башкы ролун "Покер үйү" тасмасында ойногон. Женнифер Лоуренс "Менин жигитим - псих" тасмасына тартылган соң актёрдук чөйрөдө кепчүлүккө таанылып, "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына 20 жашында ээ болгон. Ал эми телекөрүүчүлөргө "Икс адамдары: Биринчи деңгээл" тасмасындагы Мистиктин жаш кезин жараткан ролу менен таанылган. "Ач оюндары" (Голодные игры) тасмасындагы Китнисс Эвердиндин ролу Женнифер Лоуренсти ийгиликке жеткирген. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан