18- Август 2009 -жылы Төкмө акын, обончу Майра Керим кызы каза болгон
Төкмө акын, обончу Майра Керим кызы 1962-жылы 8-январда Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу-Сай айылында туулган. 2009-жылы рак оорусуна чалдыккан. Майра Керим кызы катуу оорудан улам 18-августта каза болуп, Тоң районунун Ак-Сай айылына коюлган. Төкмө акын эл аралык көптөгөн сыйлыктардын жеңүүчүсү жана элүүдөн ашкан обондордун ээси. Майра Керим кызынын 252 ыры бар. Анын 39уна обон жаралган. Айрыкча “Жар керек”, “Сени сүйгөн бир адам бар” деген сыяктуу ырлары Кутман Жолдошевдин аткаруусунда ыр сүйүүчүлөрдүн жүрөк түнөгүнөн орун тапкан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан