2- Апрель 2013 -жылы
Спорт жаатында алгылыктуу иш алып барып жаткандыгы үчүн SUPER.KG порталынын “Соңку кабар” бөлүмү баалуу белек менен сыйланган
Өлкөдө болуп жаткан спорт жаңылыктарын “Эң мыкты, туура жана так” чагылдырган ЖМКлар сыйланган. Иш-чара маалымат агенттиктеринин биринде болуп, сыйлыкты Жогорку Кеңештин депутаты, Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова тапшырган. "Улуттук идеологияны жайылтууну улуттук оюндардан башташыбыз керек" деген Султанбекова спорт жаатында алгылыктуу иш алып барып жаткандыгы үчүн SUPER.KG порталынын “Соңку кабар” бөлүмүнө баалуу белек ыйгарган.