4- Апрель 2013 -жылы Коомдук ишмер Кемелбек Нанаев каза болгон
Белгилүү коомдук ишмер Кемелбек Нанаев 68 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ал 1991-1992-жылдары Мамлекеттик мүлк комиссиясынын төрагасы, 1992-1994-жылдары Улуттук банктын төрагасы, андан кийин Каржы министри, Биринчи вице-премьер министр болуп иштеген. Кийин 2001-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстандын Орусиядагы, Армения, Азербайжан жана Грузиядагы элчилик кызматын аркалаган. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-апрелде болуп, коомдук ишмер Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан