19- Август 1969 -жылы V чакырылыштагы "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова төрөлгөн
V чакырылыштагы "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова Бишкек шаарында төрөлгөн. Билими – жогорку. 1986-жылы Москва шаарындагы Мичурин атындагы Мамлекеттик педагогикалык иститутуна тапшырган. 1991-жылы Бишкек мамлекеттик институтунун орус тили жана адабият адистигин бүтүргөн. 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция адистигин, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1991-жылы - Жалал-Абаддагы Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн (ЗАГС) жетектөөчү адиси;
1995-2010-жылдары – "Палван" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
1998-2010-жылдары – "Алмаз" акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы;
2000-2001-жылдары – Кыргызстан аялдар конгрессинин түштүк регион боюнча президенти;
2003-2005-жылдары – "Кыргыз соода биримдиги" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
2005-жылы – "Экогармония женщин" коомдук бирикмесинин түзүүчүсү;
2004-жылы – Азия боюнча (Азиялык) "Алыш" бел боо күрөш федерациясы коомдук уюмунун президенти,
2005-жылы – Эл аралык "Алыш" бел боо күрөш федерациясынын президенти, 2007-жылдан баштап бул федерациянын ардактуу президенти;
2010-жылы октябрь айында - "Республика" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты;
2011-жылы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Жаштар саясаты, дене тарбияны өнүктүрүү жана спорт боюнча комитетинин төрайымы;
2012-2013-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
2012-жылдын июль айында - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин "Республика" фракциясынын жетекчисинин орун басары;
2013-жылдын июнь айынан баштап Жогорку Кеңештин вице-спикери.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан