Мамлекеттик ишмер, дипломат, укук коргоочу, философия илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана КМШдан чыккан алгачкы Президент айым Роза Отунбаева Ош шаарында туулган.
Орусиянын М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн.
Роза Отунбаева 1975-1981-жылдары Кыргыз улуттук университетинде доцент, диалектикалык материализм кафедрасынын башчысы;
1981-жылы Ленин райкомунун 2-секретары;
1983-жылы Фрунзе шаардык комитетинин 2-секретары;
1986-1989-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары;
1989-1991-жылдары СССРдин Тышкы иштер министрлигинин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын төрайымы;
1992-жылы Кыргыз Республикасынын Вице-премьери, Тышкы иштер министри;
1992-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчиси;
1994-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
1997-жылы Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Ирландиядагы элчиси;
2002-2004-жылдары БУУнун Баш катчысынын Грузиядагы атайын өкүлүнүн жардамчысы;
2004-жылы "Ата Журт" оппозициялык кыймылынын тең төрагасы;
2007-жылы Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар партиясынын мүчөсү;
2009-жылы СДПнын парламенттеги фракция башчысы;
2010-жылдын 7-апрелинен тартып убактылуу өкмөттүн башчысы, Элдик курултайдын Борбордук аткаруу комитетинин төрайымы;
2010-жылдын июль айынан тартып 2011-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын өткөөл кездеги президенти болгон.