20- Август 1953 -жылы
Орус акыны Владимир Вишневский туулган
Орус акыны Владимир Вишневский Москвада туулган. 1975-жылы Москвадагы областтык педагогикалык институттун орус тил жана адабият факультетин аяктаган. Владимир Вишневскийдин ырлары 1985-жылдан тартып басылып чыга баштаган. Андан сырткары Владимир Вишневский алпаруучулук менен да алектенип, 1995-жылы НТВ каналындагы "Вишневский Сад" телеберүүсүн алып барса, 2003-2006-жылдары ТВЦ каналындагы "Парк юмора", 2010-2011-жылдары "Поэт на "Доверии" телеберүүлөрүн алып барган. Ал эми 2001-жылдан тартып Владимир Вишневский тасма талаасына аралашып, 20дан ашык кинодо роль жараткан.