22- Август 1973 -жылы
“Backstreet Boys” тобунун ырчысы Хауи Дуэйн Дороу туулган
“Backstreet Boys” тобунун ырчысы Хауи Дуэйн Дороу Флориданын Орландо шаарында төрөлгөн. Хауи кичинекейинен эле таланттуу чыгып, 6 жашында “Өз өлкөсүнүн сыйкырчысы” аттуу спектаклде ойногон. Кийин музыкалык мектептен билим алып, католиктердин чиркөөсүндө хордо ырдап, өз талантын такшалта баштайт. 1992-жылы “Backstreet Boys” тобуна келгенге чейин бир канча музыкалык конкурстардын жеңүүчүсү аталган.