19- Март 1955 -жылы
Голливуд актёру Брюс Уиллис туулган
Америкалык киноактёр, продюсер жана музыкант Брюс Уиллис Германиянын Идар-Оберштайн шаарында туулган. Ал Голливуддун эң көп төлөнгөн актёрлорунун катарына кирген. Актёрго атактуулукту "Крепкий орешек" тасмасындагы Жон Макклейндин ролу алып келген. Ошондой эле Брюс Уиллистин "Криминальное чтиво" (1994), "12 обезьян" (1995), "Пятый элемент" (1997), "Армагеддон" (1998), "Шестое чувство" (1999) сыяктуу белгилүү тасмалардагы ролдору аркылуу дүйнөгө белгилүү болгон.