
Бразилиялык жазуучу жана акын Пауло Коэльо Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында, инженердин үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси динчил болгондуктан, жети жашында иеузит мектебине берип коюшат. Бирок өзү чыгармачылыкка берилген бала болгон. Ага болбой, чоңойгондо ата-энеси юридикалык факультетке тапшыртышат. Пауло андан качып кутулуп, ошондон тарта ата-энеси менен түшүнбөстүктөр башталат. Он жети жаштагы уулун жиндиканага күч менен жаткырышат. Чыккандан кийин көчөдө темселеп, башынан көп эле нерселерди өткөрөт. Кийин 1960-жылдары модага айланган театр сүйүүчүлөрдүн кыймылына аралашып кетет. Журналистика менен нан таап жейт. Ыр жазып, обон жаратып жүрөт. Акыры кайрадан жиндиканага түшөт. Ошондон соң дүйнөнү түрө кыдыра баштаган. Кийин англиялык мистик Алистер Кроули менен таанышып, ал Паулого катуу таасир калтырат. Ошондон тарта Пауло Коэльо 40 жашында көркөм чыгарма жаза баштаган. Ал эми 1965-жылдагы Бразилиядагы төңкөрүштө, жазган обондуу ырлары үчүн түрмөгө түшөт. Түрмөгө эле үч жолу түшүп, бирок баягы "жинди" болгону куткарып кетип турган.
Пауло Коэльонун чыгармаларында жаман менен жакшы, ак менен кара, өмүр менен өлүм, кудай менен шайтан, жашоо маңызы чагылдырылган.
Жазуучунун дүйнөдөгү эң окумдуу жалпы-жонунан 18 китеби жарык көргөн (2014). Алар 67 тилге которулуп,150 өлкөдө басылып, китептеринин нускасы 300 миллиондон ашкан. Пауло Коэльонун белгилүү чыгармалары: "Алхимик", "Бешинчи тоо" ("Пятая гора"), "Заир", "Жарыктын жоокери" ("Книга воина света"), "Алеф", "Суу сыяктуу" ("Подобне реке").