20- Август 1978 -жылы
Ирандын Абадан шаарындагы "Рекс" кинотеатрында өрт чыккан
Ирандын Абадан шаарындагы "Рекс" кинотеатрында өрт чыгып, ал 500дөй адамдын өмүрүн алып кеткен.
Расмий версия боюнча, кырсыктын күнөөкөрлөрү САВАК офицерлери болгон. Алар шахка каршы болгон активисттердин изинен түшүшкөн. Качкындар көрүү залына кирип, бекинип алышкан. Кызматкерлер качкындарды ыштап, чыгаруу максатында көрүү зал жакты өрттөшкөн. Бирок эшиктер ачылбай калып, залдагы адамдын баары каза болгон. Бөлөк версия боюнча, көрүүчүлөрдү дүрбөлөңгө салып качып кетүү үчүн өрттү качкындар чыгарышкан.
1979-жылы февраль айында кырсыкка капитан Мохир Тахери күнөөлөнүп, атууга кеткен. Бул кырсык Иранда болгон 1979-жылкы Революцияга түрткү болгон.