19- Август 1993 -жылы
Санкт-Петербургда "Ночные снайперы" рок-группасы түзүлгөн
Санкт-Петербургда "Ночные снайперы" рок-группасы түзүлгөн. Топ "31 весна", "Ты дарила мне розы", "Рубеж", "Столица", "Асфальт", "Актриса" ж.б. ырлары аркылуу атакка жеткен. Топтун негизги репертуарын Д.Арбенинанын жана С.Сурганованын ырлары түзөт. Ошондой эле классикалык жана азыркы акындардын ырларын да ырдашат: И.Бродский, А.Ахматова, Ф.Г.Лорка, Яшка Казанова, Юлия Листвицкая. Светлана Сурганова Диана Арбенина менен тил табыша албай топтон 2002-жылы 17-декабрда кеткен. Светлана кеткен соң "Сурганова жана оркестр" коллективи түзүлүп, "Ночные снайперы" тобунда Диана Арбенина ырдап келет.