Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Гүлнара Дербишева
“7 миң доллар пара алды” деп шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Ага карата кылмыш иши козголуп, ал чет элдик бала асырап алуучу компаниялар менен келишим түзүү иштериндеги коррупциялык аракеттери үчүн айыпталган.