31- Август 1966 -жылы Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча мурдагы орун басары, генерал-майор Курсан Асанов туулган
Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча мурдагы орун басары, генерал-майор Курсан Асанов Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Казакстандын Зайсан шаарындагы чек ара бөлүгүнүн күжүрмөн отрядында кызмат өтөгөн.
Билими жогорку, 1998-жылы Ош мамлекеттик университетин, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМ академиясын "юрист" адистиги боюнча бүтүргөн.
Курсан Асанов 1991-1992-жылдары ОМОН отрядына катардагы жоокер болуп кирип, 1992-1997-жылдары ротанын командирлигине чейин көтөрүлгөн. 1997-1999-жылдары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына кылмыш иликтөөчү болуп иштеп, 2010-жылга чейин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн, өзгөчө оор кылмыштарды иликтөө бөлүмүнүн, уюшулган кылмыш иштерине каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчылыгын, Ош облустук ИИБинде Кылмыш иликтөө бөлүм башчы­сы­нын орун басары кызматын, Өзгөн жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүм­дөрүнүн башчылыгын басып өткөн. 2010-жылдын 8-апрелинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгына начальник болуп дайындалып, ошол эле жылдын 25-май күнү Бишкек ШИИББинин Свердлов РИИБинин начальник болуп которулган. Ал эми 2010-жылдын 10-июнь күнү Ош шаарында улуттук кагылышуу жүз берип, Курсан Асанов кайрадан оперативдик кырдаалды жакшы билген адис катары 2010-жылдын 12-июнь күнү Ош шаарына комендант жана Ош ШИИБинин начальниги болуп кайрадан дайындалган. Ал кызматта 2011-жылдын апрель айына чейин отуруп, андан соң ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары болуп дайындалган.
Курсан Асанов 2010-жылдын октябрь айынан 2011-жылдын апрелине чейин 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Ал эми 2010-жылы “Супер-Инфо” гезитинин версиясы боюнча “Жылдын адамы” деп табылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан