20- Август 2013 -жылы Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата-Журтчу” депутаттар Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан
Борбордук шайлоо комиссиясы “ата журтчу” депутаттар Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевди депутаттык мандатынан ажыраткан. Тиешелүү чечимди БШКнын 10 мүчөсү колдоп, 1 мүчөсү каршы добуш берген. “Конституцияга ылайык, соттолгон адамдар депутат боло албайт”,- деп билдирген БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов.
Эске сала турган болсок, Жогорку Сот 6-августта "ата журтчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго карата козголгон кылмыш иши боюнча чечим чыгарган. Судья Жакып Абдрахмановдун төрагалыгынын астындагы соттук курам Бишкек шаардык сотунун депутаттарды актаган чечимин толугу менен жокко чыгарып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, Кылмыш-жаза кодексинин 30 жана 295-беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аларга райондук сот чыгарган 1 жыл 6 айлык жаза өтөө мөөнөтү кыскартылып, 1 жыл 5 ай деп белгилеген. Ал эми Талант Мамытовдун 1 жылдык жаза өтөө мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан