20- Август 2013 -жылы
Кыргызстандагы “Азия MIX” КВН командасынын оюнчусу Ренат Тентимишов каза болгон
Ренат Тентимишов 2013-жылдын 19-август күнү кечинде өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал эми 20-августта 26 жаш курагында көз жумган. Маркум 22-августта туулуп-өскөн жери Кочкор районунун Мантыш айылында жерге берилген.
“Азия MIX” КВН командасынын оюнчусу, "Большие люди" долбоорунда каардуу Баха братандын ролу аркылуу белгилүү болгон Ренат Тентимишов 1987-жылы 18-июлда Фрунзе шаарында туулган. Немис тилин тереңдетип окуткан №23-гимназияны аяктаган соң Америка университетине (азыркы Борбор Азиядагы Америка университети) өткөн. Университетти аяктап, Башкаруу академиясынын (АУПКР) мамлекеттик башкаруу факультетине тапшырган. Аны бүтүп, банкта бир жылча иштеп, кийин "Азия Микс" КВН командасына кошулган. Андан сырткары "Общага" телесериалынын сценарийин жазууга катышып, тасмада роль жаратууга да жетишкен.