27- Август 1875 -жылы
Франциялык химик Лекок де Буабодран галлий химиялык элементин ачкан
Франциялык химик Лекок де Буабодран спектрдик анализ аркылуу галлий химиялык элементин бөлүп алып, ачкан. Бул элемент орус химиги Д.И.Менделеев тарабынан алдын ала айтылган элементтин бири болуп эсептелет. Ал 1870-жылы "экаалюминий" деп атаган.