26- Август 1964 -жылы
Ырчы, актриса Сайра Момунбаева туулган
Ырчы, актриса Сайра Момунбаева Тогуз-Торо районунун Казарман айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан 2 жылдан кийин Мураталы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын вокал бөлүмүнө тапшырган. Окуусун аяктагандан кийин Нарын музыкалык драма театрында иштеп калган. Кийин Ташкенттеги Островский атындагы Театралдык институтта сырттан окуп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун актёрдук бөлүмүн бүтүргөн.