Швециялык жана америкалык актриса Ингрид Бергмен Швециянын Стокгольм шаарында туулган. Ингрид Бергмен биринчи жолу 1934-жылы Э.Адольфсондун "Граф из Мункбру" тасмасына тартылган. Швецияда ондон ашык фильмге тартылган соң Голливуддан чакыруу алып, 1939-жылы "Интермеццо" тасмасында роль жараткан.