30- Август 1985 -жылы
Орусиялык актриса, ырчы, модель, алпаруучу Анастасия Задорожная туулган
Орусиялык актриса, ырчы, модель, алпаруучу Анастасия Задорожная Орусиянын Вытегра шаарында туулган. Анастасия Задорожная 1996-жылы балдардын "Непоседы" аттуу музыкалык тобуна кабыл алынган. 1999-жылы "Простые истины" сериалына тартылып, дебют жасаган. Ал эми мектепти аяктаган соң, 2002-жылы Москвадагы Мамлекеттик театралдык искусство институтуна (ГИТИС) тапшырган.
Анастасия Задорожная "Любовь в большом городе 1-2-3", "Счастливы вместе", "Клуб счастья", "Преступление будет раскрыто" ж.б. тасмаларында роль жараткан.