30- Август 2012 -жылы Советтик жана орусиялык актёр, режиссёр, телеалпаруучу Игорь Кваша дүйнө салган
Советтик жана орусиялык театр, кино актёру, режиссёр, телеалпаруучу, Орусиянын Эл артисти Игорь Кваша саат 17:00 чамасында Москвадагы ооруканалардын биринде жүрөгү токтоп 79 жашында каза тапкан.
Игорь Кваша 1933-жылы 4-февралда Москвада туулган. Анын ролундагы тасма жана спектаклдер жүздөп саналат. Элге жакшы таанылып калгандары: "Республиканын мүлкү", "Баягы Мюнхгаузен", "Жашыруун кеңешчи" жана башкалар. Ал 1990-жылдардын башында КВНдин Жогорку Лигасында калыстар тобунун катарын толуктаган. 1998-жылдан баштап жоголгонду табыштырган, издегенди кезиктирген "Мени күт" ("Жди меня") телевизиондук ток-шоусун алып баруучусу болуп баштаган.
2007-жылы Игорь Квашанын "Кайтаруу чекити" аттуу мемуар-китеби чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан