Орусиялык телеалпаруучу жана актриса Екатерина Стриженова Москвада туулган. Катя 5 жашынан баштап балдар үчүн даярдалган телеберүүлөргө тартылып, ошол убакта эле концерт, спектаклдерди алып барган. Анын талантын байкаган ата-энеси ошол убакта эле Москвадагы "Калинка" аттуу балдардын бий ансамблине беришкен.