2- Сентябрь 1966 -жылы мексикалык актриса Сальма Хайек туулган
Мексикалык белгилүү актриса Сальма Хайек Мексиканын Веракруc штатындагы Коацакоалькос шаарында туулган. Актриса 1989-жылы биринчи жолу 23 жашында "Тереза" тасмасында башкы ролду ойногон. Кийин Голливудга келип, 1995-жылы Антонио Бандерас менен биргеликте "Отчаянный" аттуу фильмге тартылган. Латин америкалык эң ийгиликтүү актриса аталган Сальма Хайек "Одинокие сердца", "Бандитки", "Однажды в Мексике", "Дети шпионов 3: Игра окончена", "От заката до рассвета" сыяктуу 30дан ашуун тасмада роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан