3- Сентябрь 2000 -жылы
украиналык "ВИА Гра" тобу негизделген
Продюсер Дмитрий Костюк "BIZ-TV" музыкалык-маанайшат телеканалында иштеп жүргөндө шоу-бизнеске өзгөчөлүк киргизүүнү кыялданып, ырчы Валерий Меладзенин бир тууган агасы Константин Меладзе менен таанышкан. Ага жалаң кыздардан же балдардан турган топ түзүүнү сунуштаганда Меладзе макулдугун берген. Алгач топко ал кезде телеалпаруучу болуп иштеген Алёна Винницкая алынган. Кийин Надежда Грановская кошулган.