15- Сентябрь 1998 -жылы
"Google" сайты иштей баштаган
1996-жылы АКШдагы Стэнфорд университетинин студенттери Сергей Брин менен Лэрри Пейж окууну жеңилдетүү максатында маалымат издөө системин ойлоп табышып, аны "BackRub" деп аташат. Алар өздөрү жашаган жатакананын бөлмөсүн кеңсеге айландырып, ойлоп табуусун өнүктүрүү үчүн катуу ишке киришишет. Буга тажрыйбасы бар белгилүү "Yahoo!" издөө системинин негиздөөчүсү Дэвид Фило жардам берет. Ошентип 1998-жылы түптөлгөн издөө системин "Google" деп аташат.
"Google" деген сөз англис тилинен которгондо "10дун артынан ээрчиген 100 нөлү бар сан" дегенди билдирет. Минтип атоо маалыматты ошондой кенен масштабда табууга мүмкүн дегенди түшүндүрөт.