31- Август 2013 -жылы
Алматыдагы "Прайм-Плаза" соода борборунда орун алган концертте Кайрат Нуртас ырдабай кетип калып, массалык баш аламандык чыккан
Казакстандын Алматы шаарындагы "Прайм-Плаза" соода борборунда "Караокенин мыкты аткаруучусу" аттуу сынактын финалчыларынын концерти токтотулуп, массалык баш аламандык чыккан. Тополоң белгилүү ырчы Кайрат Нуртастын сахнага чыгуусунан кийин башталган. Ырчы бир ырды ырдап бүткүчө сахнаны курчаган тосмолор бузулуп, айрым көрүүчүлөр сахнага чейин чыга баштаган. Мындан улам ырчы коопсуздук кызматкерлеринин коштоосунда ал жерден кетип калууга мажбур болгон. Бул көрүүчүлөрдүн кыжырын келтирип, мушташ башталган. Жаштар алгач сахнага, андан кийин бири-бирин таш, желим бөтөлкөлөр менен урууга өтүшүп массалык жаңжал башталган. Полициянын маалыматы боюнча, окуя болгон жерге кошумча тартип сакчылары жана ички аскерлер келген. Башаламандыктын натыйжасында 3 адам оор жаракат алып, 7 полиция кызматкери ооруканага кайрылган. Абал турукташкан соң кылмышка шектүү деп 165 адам кармалган. Тополоңчулар аймактык полиция кызматкеринин автоунаасын, жайкы кафелердин бирин өрттөшкөн. 11 кызматтык, 1 жеке жана 2 өрт өчүрүүчү унаа талкаланган.