18- Апрель 2005 -жылы ЕККУнун төрагасы Дмитрий Руппель Кыргызстанга иш сапары менен келип, бийлик өкүлдөрү менен жолугушкан
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы, Словениянын тышкы иштер министри Дмитрий Руппель Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева менен жолугушкан. Сүйлөшүүлөр учурунда Дмитрий Руппель 24-марттагы өзгөрүүлөрдөн кийин Кыргыз өлкөсүнө ЕККУ өзгөчө көңүл буруп тургандыгын, ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин билдирген. 
Анын айтымында, ЕККУ Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүүсү үчүн атайын программа түзгөн. Д.Руппель ал программага Кыргызстан да катышып, ага алымча-кошумчасын киргизсе дурус болор эле деген пикирин билдирген. 
Андан соң курамына Руппелден тышкары Алоиз Петерле, Рольф Экеус, Маркус Мюллер жана башка расмий өкүлдөр кирген делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев кабыл алган. Жолугушууда спикер парламент тарабынан бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынганын билдирген.
Дмитрий Рупель Бишкекке экинчи жолу келип, бейөкмөт уюмдар, саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстандагы окуялардын жакшы жагына багыт алганына күбө болгондугун белгилеген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан