14- Сентябрь 1966 -жылы V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев туулган
V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев Ош областынын Алай районундагы Сопу-Коргон айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1988-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун механизация факультетин “инженер-механик” адистиги боюнча артыкчылык менен бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1983-жылы Алай районундагы “Сары-Могол” совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
1988-1990-жылдары - Кыргыз айыл чарба институтунда айыл чарба техникасын иштетүү жана оңдоо кафедрасынын ассистенти, электрондук-эсептөө машиналар лабораториясынын улук инженери;
1990-1991-жылдары - Фрунзе шаарындагы “Кыргыз айыл чарба-химия” өндүрүштүк бирикмесинин инженери;
1991-1992-жылдары - К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунда окутуучу;
1992-1994-жылдары - “Резон” чакан ишканасында директор;
1998-2005-жылдары - “Нектар-Трейд” ЖЧКсынын директору;
2005-2010-жылдары - жеке ишкерлик менен алектенген.
Абдыманап Кутушев көз карандысыз Кыргызстанда 2002-жылы алгачкы форель балык чарбасын түзгөн.
2012-жылдын февралында Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген. Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Абдыманап Кутушев “Кыргызстандын агрардык элитасы” Президенттик улуттук сыйлыгы (2007-ж.), Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы (2012-ж.) менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан