22- Июль 2004 -жылы
Чүй облусунун Көк-Жар айылында Германиянын “HESS” фирмасынын “Мультимат-500” бетон чыгарчу заводу ачылган
Чүй областынын Көк-Жар айылында Германиянын “HESS” фирмасынын “Мультимат-500” бетон чыгарчу заводу салтанат менен ачылган. Заводдун ачылыш салтанатына президент Аскар Акаев, Германиянын Кыргыздагы элчиси Клаус Ахенбах жана башка бийлик өкүлдөрү, ишкер адамдар катышкан. Белгиленген долбоорго ылайык, жаңы ачылган завод жылына 10 млн. сапаттуу кыш чыгарып, мындан тышкары бетондон дубал тосмо, эс алуу бактарына дизайндык эмерек, жол жээгине коюлуучу тосмо жана башка курулуш материалдарынын өндүрүшү каралган.