22- Июль 1944 -жылы
Эл аралык валюта фонду түзүлүп, штаб-квартирасы Вашингтондо жайгашкан
Эл аралык валюта фонду Бреттон-Вудс эл аралык валюталык-каржы конференциясында түзүлүп, штаб-квартирасы Вашингтондо жайгашкан. Ал БУУнун адистештирилген мекемеси болуп саналат.
Эл аралык валюта фонду эл аралык сооданын жана валюталык кызматташтыктын өнүгүшүнө көмөктөшүү менен валюталык курстарды жөнгө салуунун ченемдерин аныктайт жана алардын сакталышын көзөмөлдөйт, валюталык паритеттердин туруктуулугун кармап турат, төлөөнүн көп тараптуу тармагын иштеп чыгат жана валюталык чектөөлөрдү жоёт, ошондой эле өзүнүн мүчөлөрүнө төлөм баланстарынын тең салмаксыздыгына байланыштуу болгон валюталык кысталыштарда кредиттик ресурстарды берет.
Учурда ага 188 өлкө мүчө. Кыргыз Республикасы ЭВФке 1992-жылы май айында мүчө болгон.