14- Сентябрь 1983 -жылы
Англиялык ырчы Эми Уайнхаус туулган
Англиялык ырчы, музыканын R&B, соул, джаз жанрларында ырдаган Эми Уайнхаус Лондондо төрөлгөн. Ырчынын экинчи "Back to Black" аталыштагы альбому 6 жолу "Грэмми" сыйлыгына татып, Эми Уайнхаус "Гиннестин рекорддор китебине" эң көп "Грэмми" сыйлыгын алган биринчи жана жалгыз англиялык ырчы катары киргизилген.
2011-жылы 23-июлда ырчы Эми Уайнхаустун өлүк денеси Лондондогу үйүнөн табылган. 27 жаштагы Эми Уайнхаус алкоголдук ичимдикке ууланып каза тапканы айтылган.