реклама

13-сентябрь, 1931-жылы Физик, математик Мурзабек Иманалиев туулган

Кыргызстан
КРнын Улуттук илимдер академиясынын Теориялык жана прикладдык математика институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор жана академик, СССР ИАсынын мучө-корреспонденти Мурзабек Иманалиев Кемин районунун, Кайыңды айылында туулган. Кыргызстан мамлекеттик университетин (КМУ), КМУдан, МГУдан аспирантураны бүтүргөн. КМУда доцент, Фрунзедеги политехникалык институтта (ФПИ), проректор, КМУда ректор, Кыргыз ССР илимдер академиясынын президенти болуп иштеген. 1984-жылдан тартып ушул эле илимдер академиянын математика институтунун директору болгон. Математика жана математикалык физика боюнча чоң адис. 200дөн ашык илимий эмгектери, анын ичинен 5 монографиясы жарыяланган. Анын жетекчилиги менен 32 кандидаттык, 4 доктордук диссертация жакталган. Республиканын илимине эмгеги сиңген ишмер. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.  (87 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9002;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: