31- Март 1727 -жылы англиялык физик Исаак Ньютон көз жумган
Адамзат тарыхындагы улуу инсандардын бири, бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчүн ачкан англиялык физик Исаак Ньютон көз жумган.
Окумуштуу Исаак Ньютон 1642-жылы 25-декабрда Улуу Британияда туулган. Анын атасы Улуу Британиянын бөлүгү - Англиянын Линколншир жергесиндеги Вулсторп кыштагында өзүнө тың орто чарба дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы ал төрөлө электе көз жумган. Ымыркайга Исаак деп атасынын ысымын коюшкан.
Ымыркай кезинде оорулуу болуп өскөн менен, Исаак Ньютон узак жашап, 84кө чыгып дүйнөдөн өткөн.
Сэр Исаак Ньютон – британдык атактуу физик, математик жана астроном. Ньютон физика илиминин негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.
Анын “Табигый философиянын математикалык башаттары” аттуу фундаменталдык эмгегинде дүйнөлүк тартылуу күчү мыйзамы жана классикалык механиканын калыптанышына өзөк болгон үч физикалык мыйзам баяндалган. Ньютон дифференциялык жана интегралдык эсептөө, түстүүлүк теориясы жана башка математикалык жана физикалык теорияларды иштеп чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан