22- Июль 1951 -жылы
Орус эстрада ырчысы, акын жана композитор Олег Газманов туулган
Орус эстрада ырчысы, акын жана композитор Олег Газманов Орусиянын Калининград облусундагы Гусев шаарында туулган.
Олег Газманов алгач 1973-жылы Калининграддык деңиз инженердик жогорку училищесин бүтүргөн. Ал эми 1981-жылы Калининграддагы музыкалык окуу жайды аяктаган. 1989-жылы Олег Газманов "Эскадрон" тобун түзүп, эл алдына чыга баштаган. Ырчынын аткаруусундагы хитке айланган ырлар "Путана", "Эскадрон", "Есаул", "Господа офицеры", "Москва", "Морячка" жана башкалар.