19- Сентябрь 1934 -жылы Саясий ишмер Апас Жумагулов туулган
Эгемендүү өлкөбүздүн эң узак өкмөт башчысы болгон Апас Жумагулов Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган. Москвадагы нефть институтун бүтүргөн. Адистиги - тоо инженер-геолог. Түштүк геология экспедициясында лаборант, ага лаборант, "Кыргызнефть" башкармасынын Чангыр-Таш нефть чарбасында ага геолог, башкарманын Борбордук лабораториясынын башчысы, бургулоо конторасынын башкы геологу, башкы инженери, Кыргызстан КП БКнын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысы, катчысы, партиянын Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, Эл депутаттарынын Чүй облустук кеңешинин төрагасы, ушул эле облустун губернатору, Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп иштеген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан