11- Сентябрь 2013 -жылы
XIII Ысык-Көл Эл аралык спорт оюндарында кыргыз спортчулары 458 медаль утушкан
“Азия - кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы” деген ураан астында өткөн XIII Ысык-Көл Эл аралык спорт оюндарында 18 спорттун түрү боюнча кыргыз спортчулары 458 медаль утушкан. Ал эми Казакстан 69, Орусия 35 медалга ээ болгон. Эң көп спортчу кичи футбол боюнча мелдешке катышып, анда 74 командадан 900дөй спортчу оюн көрсөткөн. Чакырылган бир топ өлкөлөр Ысык-Көлдөгү кара тумоого байланыштуу келүүдөн баш тартышкан.