18- Сентябрь 1852 -жылыЛ.Н.Толстойдун алгачкы “Балалык” аттуу повести “Современник” журналына басылып чыккан
Жазуучу Л.Н.Толстойдун алгачкы “Балалык” аттуу повести “Современник” журналына басылып чыккан.
Повесттин каарманы - Николенька Иртеньев, ак сөөктүн баласы. Ал акылдуу, боорукер жана сезимтал бала болгон.
Николенька кээде өзүнүн же башкалардын жасаган иштери туура эместигин түшүнгөндө жана кара ниеттүүлүктү сезгенде, ал өзү үчүн да өңгөлөр үчүн да абдан уялып, өкүнгөн. Ал өзүндөгү жана башкалардагы кемчиликтерди тез эле жоюуга шашат. Николенька өзүнүн бир туугандары менен канткенде бүткүл адамзатты бактылуу кыла ала тургандыгы жазылган «жашыл таякчаны» издешет.
Николеньканы - көп жагынан Лев Николаевич Толстойдун өзү деп түшүнсө болот.