Америкалык ишкер Уильям Дюрант тарабынан дүйнөдөгү ири автоунаалар корпорацияларынын бири "General Motors" негизделген. Ал дүйнөдөгү автомобиль жасоо жагынан япониялык "Toyotaдан" кийинки экинчи ишкана болгон. Компаниянын чыгарган "Cadillac", "Buick" үлгүсүндөгү автоунаалары АКШнын улуттук сыймыгына айланган.