22- Сентябрь 1947 -жылы Мамлекеттик ишмер Накен Касиев туулган
Кыргыз Республикасынын Улуттук онкология борборунун директору, медицина илимдеринин доктору, "Даңк" медалынын ээси, мамлекеттик ишмер Накен Касиев Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бутүргөн. Ош шаардык №3-ооруканада врач-терапевт, Прикарпаттагы №03510-аскер бөлугүндө врач, Оштогу №4-ооруканада врач-терапевт, Майлы-Сайдагы бириккен оорукананын башкы врачы, Токмок шаардык оорукананын башкы врачы, Нарындагы облустук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы, Саламаттык сактоо министринин орун басары, министри, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болуп иштеп, кийин Ош облусунун губернатору болгон. Накен Касиев Европадагы "ВОЗ" бюросунун регионалдык комитетинин президенти. КРсынын "Даңк" жана 1-даражадагы аскердик кызматтагы өзгөчөлүгү үчүн медалдары жана бүткүл дүйнөлүк ВОЗдун чоң алтын медалы менен сыйланган. КРнын Жогорку Кенешинде депутат да болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан