Түштүк Африка Республикасынын алгачкы кара терилүү президенти, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Нельсон Манделанын аялы, өз өлкөсүндө “элдин энеси”
атка конгон Винни Мандела Түштүк Африкадагы Бизана аттуу жерде туулган. Ал 1957-жылы Нельсон Мандела аттуу адвокат менен таанышып, бир жылдан кийин үйлөнүшкөн. Алардын ортосунда Зенани (1959) жана Зинджи (1960) аттуу эки кызы болгон.