27- Сентябрь 1978 -жылы
Украиналык ырчы Ани Лорак төрөлгөн
Украиналык ырчы, Украинанын Эл артисти Ани Лорак Украинанын Черновицк облусундагы Кицмань районунда төрөлгөн. Ырчынын толук аты-жөнү Каролина Мирославовна Куек.
Ырчы 1992-жылы Черновицктеги "Первоцвет" аттуу фестивалга катышып, биринчиликти алган. 14 жаштагы Каролина ошол жерден Юрий Фалёсой аттуу продюсер менен таанышып, бирге иштешүүгө келишим түзгөн. Ырчы 1995-жылы Орусиядагы “Таңкы жылдыз” аттуу популярдуу телеберүүгө катышмак болот. Ага Каролина менен бирге Орусиянын башка Каролина аттуу ырчысы чыкмак болот. Ошондо атын өзгөртүш керек болуп, тез аранын ичинде Ани Лорак деген лакап ат ойлоп табат. Ал Каролинанын тескерисинен окулушу. Ошентип кеңири журтка дал ушул лакап аты менен тааныла баштаган.
Ани Лорак 1999-жылы композитор Игорь Крутой менен таанышып, келишим түзүп бирге иштеше баштаган. 2000-жылы “Күзгү” аттуу композициясы жарыкка чыгып, атактуулугу мурункудан да артат. Ошол эле жылы Ани Лорак дүйнөнүн 100 сексуалдуу айымдарынын тизмесине илинет. Супер популярдуулукка ал 2008-жылы “Евровидение” сынагында күмүш медалды алуу менен жеткен.
Ырчылыктан сырткары Ани Лорак “Шинелди ал”, “Баш аламан күн же Фигаронун үйлөнүүсү” аттуу мюзиклдерде роль жараткан. Ошондой эле мультфильмдерде үн коштоп, “Чатырда жашаган Карлсон” аттуу мультфильмде чаян менен мышыкты сүйлөткөн.