27- Сентябрь 1984 -жылы
Канадалык ырчы, дизайнер, актриса Аврил Лавин төрөлгөн
Канадалык ырчы, дизайнер, актриса Аврил Лавин Канаданын Бельвиль шаарында төрөлгөн. Анын "Let Go" аталыштагы дебюттук альбому 2002-жылы чыгып, 16 миллион нускада сатылган. Кийинки "Under My Skin" (2004), "The Best Damn Thing" (2007) аттуу эмгектери дүйнөлүк чарттардын алдыңкы катарынан орун алган. Ырчынын "Complicated", "Sk8er Boi", "I’m With You", "My Happy Ending" жана "Girlfriend" аттуу беш ыры дүйнөлүк хитке айланган. Анын 4-альбому "Goodbye Lullaby" деп аталып, 2011-жылдын март айында чыккан. Ал эми бешинчиси 2013-жылдын ноябрь айында сатыкка чыккан.
Аврил Лавин ырчылыктан сырткары дизайнерлик менен алектенип, актриса катары да белгилүү болгон. Ал 2006-жылы "Лесная братва" мультфильминде үн коштоп, ошол эле жылы "Нация фастфуда" тасмасында роль жараткан.