7- Март 1927 -жылы Кыргыз АССРинин I Уюштуруу Курултайы башталган
Кыргыз АССР Кеңешинин I Уюштуруу Курултайы ишин баштаган. Курултайга республиканын булуң-бурчтарынан чакырылган 238 делегат катышып, алардын 107 кыргыз, калганы башка улуттардын өкүлдөрү болушкан. 
Курултайдын биринчи күнү Кыргыз Автономиялык облусу, Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы болуп өзгөртүлгөндүгү делегаттарга жар салынган. Андан соң Кыргыз АССРинин уюшулушу туурасында Декларация кабыл алынып, республиканын маданий курулушуна айрыкча маани берүү сыяктуу олуттуу чечимдер чыгарылган. 
"Кыргыз АССРиндеги жалпы билим алууну киргизүү", "Кыргыз АССРиндеги жаңы кыргыз алфавитин кабыл алуу” сыяктуу токтомдор Кыргызстандын кийинки илим, билим багытындагы келечек өнүгүүсүн аныктаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан