5- Октябрь 1990 -жылы
Бийчи Атай Өмүрзаков туулган
Бийчи, "Тумар" бий тобунун жетекчиси Атай Өмүрзаков Ысык-Көл областындагы Каракол шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Башкаруу академиясына тапшырган.
11-классты аяктап жатканда Улуттук биринчи канал уюштурган “Баракелде” телесынагына катышып, биринчиликке ээ болгон. Ошондон кийин "Украина таланттарга бай” (“Украина мае талант”), “Даңк мүнөтү” (“Минута славы”) долбооруна катышып, алдыңкы байгелүү орундарга ээ болгон. Ал эми 2011-жылы Атай Словакиянын борбору – Братиславада өткөн “Чехия-Словакияда таланттар бар” сынагын жеңип, 100 000 евронун ээси болуп кайткан.