18- Январь 1986 -жылы актёр Бектемир Мамаюсупов төрөлгөн
"Салам, Нью-Йорк!" тасмасынан кийин атагы чыккан жаш актёр Бектемир Мамаюсупов Бишкек шаарында төрөлгөн. 2 жашында актёрду ата-энеси Ошто жашаган чоң ата, чоң энесинин колуна беришет. 7 жашка чейин ошол жакта чоңоюп, кайра Бишкекке ата-энесинин жанына келген. Атасы Оштун Ноокатынан, ал эми апасы Кара-Суусунан. Үй-бүлөдө 5 бир тууган, 3 эжеси жана карындашы бар.
Бишкектеги №66 мектепте 7-класска чейин окуп, андан аркы билимин кыргыз-түрк лицейинен уланткан. Окууну бүткөндөн кийин Исхак Раззаков атындагы Техникалык университетте 3-курска чейин окуп, ОшТУга которулат. Ал аралыкта окуудан академиялык тыныгуу алып, бир жылга Кытайга кетет. Дал ушул Кытай жергесинде анын актёрлук шыгы ойгоно баштаган.
2011-жылы АКШны көздөй жол тартып, ал жактан көп кыйынчылыктарга туш болот. Америкада жүргөндө "Салам, Нью-Йорк!" фильмине кастинг жарыяланганын угуп, кол телефонуна чакан видеосун тартып жөнөтүп жиберип, видеодобуш аркылуу өтүп кеткен. Мына ошол тасмада Баатыр аттуу жигиттин ролун мыкты жаратканы үчүн 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" деп табылган. Ошондой эле ал "Супер-Инфонун" версиясы боюнча "2011-жылдын супер тасмасы" сыйлыгынын ээси - "Бишкек, мен сени сүйөм!" фильминде дагы роль жараткан.
Актёр үй-бүлөлүү. 2015-жылдын апрель айында сүйүктүүсү Мунарага баш кошуп, 2016-жылдын 11-июнунда Бексултан аттуу уулдуу болушкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан